www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун айрым жумушчулары ишканадагы кырдаалга байланыштуу президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Алар заводдун иши токтоп калганын, акыркы үч айдан бери эмгек акысын алыша электигин жана жумуш орундарын кыскартуу башталганын билдиришти.

Жумушчулардын айтымында, завод акыркы эки жылдан бери толук кандуу иштей албай, жумасына үч күн гана иштеп келет. Алар учурда жетекчилик кызматкерлерди өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө мажбурлап жатканын, болбосо айлык берилбей турганы айтылганын кошумчалашты. Бул маселеге байланыштуу заводдун жетекчилиги жана президенттин администрациясы азырынча расмий комментарий бере элек.

Арийне, Майлуу-Суу лампа заводу боюнча маселе жакында өткөн курултайда да көтөрүлгөн. Анда президент Садыр Жапаров ишкананы жандандыруу үчүн мамлекет тарабынан бир миллиард сом бөлүнгөнүн билдирген.

Эске салсак, 2022-жылы өкмөт заводду кайра жандандыруу максатында бир катар долбоорлорду сунуштап, бюджеттен бир миллиард сомдук кредит бөлгөн. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерди жарык берүүчү лампаларды ушул заводдон сатып алууга милдеттендирген.

1967-жылы негизделген Майлуу-Суу лампа заводу Советтер Союзу маалында жылына 1 миллиардга чейин лампа чыгарган. Кийин иши солгундап, 2009-жылы банкрот деп жарыяланган. Учурда ишкана мамлекеттик карамагында.

Последние новости