www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгисиз адамдар Махатма Гандинин сүрөтүнө “чыккынчы” деген жазуу калтырып, анын сөөгүнүн өрттөлгөндөн кийинки күлүн уурдап кетишкен. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ал маалыматтарга караганда, 2-октябрда Индияда Махатма Гандинин 150 жылдык юбилейин белгилешкен. Ошол күнү Мадхья-Прадеш штатындагы Махатма Гандинин мемориалдык музейинин кызматкерлери Гандинин музейдеги өрттөлгөн күлү жоголгонун билишкен.

Анткен менен, белгисиз кылмышкерлер Индиянын улуттук лидеринин сүрөтүнө өздөрүнүн ким экендиктерин жазып калтырып кетишкен. Эми аларды жергиликтүү полиция издеп жатканы айтылууда.

Айта кетсек, Махатма Ганди Индиянын улуттук боштондугу үчүн күрөшкөн. Англиянын карамагынан өлкөсүн сууруп чыга алган лидер. Гандини 1948-жылы улутчул-радикал Натхурам Годзе өлтүргөнү айтылат. Бул үчүн Годзе 1949-жылы өлүм жазасына тартылган. Ошондон кийин Индияда Годзени жактаган улутчулдар да пайда болгон.

Айтмакчы, Махатма Ганди өлтүрүлгөндөн кийин сөөгү индустардын салты боюнча өрттөлүп, бирок, күлү бир нече бөлүккө бөлүнүп, анын бири аталган мемориалдык музейде сакталып турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости