www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдөгү минималдуу айлык акыны көтөрүп, салык жана жыйымдардын айрым түрлөрүн азайтууга убада берди.

Өлкөдө бир нече аптадан бери уланып жаткан каршылык акцияларынан кийин президент билдирүү менен чыкты. Каршылык жүрүштөрү зомбулуктар менен коштолгон.

Демонстранттар салыктын жогорулашына жана баалардын кымбаттап жатышына нааразылык билдирүүдө. Башында өкмөттүн күйүүчү майга кошумча салыкты киргизүү планы каршылыктын негизги себеби болгон эле. Кийин "сары кемселчендер" кыймылы экстремисттик элементтердин таасири менен радикалдашып кетти деп билдирген бийлик өкүлдөрү.

Теле аркылуу элге кайрылып жатып, Макрон 2019-жылдан тарта эң аз айлык акысына айына 100 евродон кошула турганын убада кылды. Ошондой эле аз камсыз болгон калктын катмарына салыкты көтөрүү планын жокко чыгарам деп айтты. Бирок, бардар кишилер үчүн салыкты көтөрүү планынан баш тартпайм деди Макрон. Жаңы жумушчу орундарын түзүү зарылчылыгы жаралып турганда, мындай кадам экономиканы алсыратат деп жүйө келтирген.

Анын айтымында, акыркы 40 жыл ичинде көптөгөн элет аймактарында мамлекеттик социалдык кызматтар саны кыскарууга учураган. Жашоо шарт начарлап, бул маселеге маани берилбей калган дейт президент.

"Мындай кырдаалдын жаралышына менин да күнөөм бар. Балким, мен үчүн башка приоритеттер, башка маселе маанилүү болгондой таасир калтыргандырмын. Менин сөздөрүм баарына жага бербесин жакшы билем",-деп айтты Франция президенти.

Макрон өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалы оор жагдайга туштукканын айтты.

Франция президенти мурда банкир болгондуктан, аны карапайым кишилерди жашоо-турмушу көп кызыктырбайт деп сындап келишет. Дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда мындай кабылдоону өзгөртүүгө аракет кылды. Өлкөнүн бардык аймактарынын жетекчилери менен жолугуп, маселени чечүү жолдорун издей турганын ишендирди.

Булак: "ВВС"

Последние новости