www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай билдирүүсүн интернет айдыңында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

"Жоопкерчиликтүү адам мыйзам бузууларга барса, тергөө мунун баарын тастыктап берет деген ойдомун. Ошондо кимдин канчалык кийлигишүүсү бар экени билинет. Ал эми отставкага кетерим тууралуу силерден биринчи жолу угуп жатам", - деди Калилов.

Буга чейин министр Жамшитбек Калиловдун орун басары Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан учурда УКМК тарабынан кармалып камакка алынган. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

Транспорт жана жолдор министринин маалыматына караганда, ушул жылдын сентябрь айында Нарындагы Эпкин-Башкууганды аймагындагы унаа жолдун 70 чакырымын курууга тендер өтүп "Todini" компаниясы утуп алган. Ал 70 чакырым жол Түндүк-Түштүк жолунун 2-фазасынын 3-участогу болуп саналат. Тендердик комиссияга Жусубалиев өзү төрагалык кылган. Комиссия курамында Финансы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңеш жана биздин кызматкерлер болгон.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости