www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт башчысы эт менен челдин ортосундагы ыргылжың кадрларды чогултуп алгандыгынын айынан иши алдыга жылбай, элдин кыжырын кайнатууда. Мисалы, «Чыгышэлектрого» Максатбек Чыныбеков деген оозунан энесинин сүтү кетелек мадырабашты алып келген эле, жыргаткан жок.
Кадрларды алмаштыруу менен акчаны самандай сапырып жатканын гана байкап жатабыз. Көйгөй ошол бойдон. Ашыкча эсептеген акылдуу эсептегичтерге элдин нааразылычык күч алууда. Жер жерлерде электр энергиясында өчүрүүлөр абдан көбөйдү. Шаардын өзүндө дагы светсиз калган учурлар арбыды.
Бирок, Максатбектин солк этээр түрү көрүнбөйт. Буга өкмөт чара көрөбү же «көзүм көрбөсө, немемди бөрү жесин» болобу?
Булак: "Мантыш"