www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурларда Кыргызстанда бийликтеги чиновниктер, депутаттар эч уялбай эле, кызматтык этиканы уруп ойнобой эле, коркпой эле элдин катмарын «бай», «кедей» деп ачык эле бөлүп айтышчу болду. Болгондо да бийик трибуналардан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан айтып атышат. Калп да болсо
«калктын аярлуу катмары» деп коюшса эмне? Деги биз каякка баратабыз?

Дүйшөмбү күнү болуп өткөн 5-каналдын түз эфирдеги «Ой бүркүм» көрсөтүүсүндө учурда коомчулукту жүдөтүп жаткан сасык  тумоо маселеси жана жалпы эле медицина тармагындагы көйгөйлөр айтылды. Ошол жерден көрсөтүүнүн башкы каарманы болуп чакырылган саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтып атпайбы: «Бизде байлар оорубайт, жакырлар ооруйт. Анткени байлар жеке
клиникаларда же болбосо чет өлкөлөрдөн дарыланып алышат. Жакыр адамдар жеке клиникаларга көрүнүп же чет жактардан дарылана алышпайт»-деп. Бул эмне деген логика? Демек, Кыргызстанда мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагы такыр эле ишенимсиз, талкаланган дегениби? Между гана прочем элдин саламаттыгы деген кайсы өлкө болсо да андагы социалдык маселелердин негизги бөлүгү! Ал эми мамлекет элинин социалдык маселесин чече албай калган учурда, ушундай шартта ал өлкөөнүн өнүгүп-өсүүсү тууралуу кеп кылууга болобу? Анда эмне эле биздин азыркы чоңдорубуз «биз өнүгүп баратабыз» деп эле төш кагып атышат? Бирок бир чындык, Кыргызстандын саламаттыгын сактоо тармагы чындап эле өтө оор абалга кептелди. Жаркыраган келечегибиз болгон билим берүү тармагы да кудум сормо сазга сорулуп баратат! Мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн сактоодо бул эки тармак эң  орчундуу маселелердин бирден бири. Мындай абал жол башчыларыбыз үчүн катуу, терең ойлончу маселе. Эгерде эле аталган эки тармактагы көйгөйлөр дагы тереңдесе, дарт өрчүшүп кеткен сыяктуу эле ал «илдетти» айыктыруу өлкөнү таптакыр эле артка ыргытып салышы мүмкүн. Же андай эмеспи?

Булак: “Айгай пресс”

Последние новости