www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сооронбай Жээнбеков жетеленме Президент эмес экенине көзү жеткенден баштап Атамбаев тандоодон жаӊылганын тушунуп, орустар айткандай «я сам породил, сам его уничтожу» деген аракет жасоодо. Өзүнө түз асылсам, «чычалап жатат» деп эл кабыл албасын билип, «үй бүлөлүк башкарууга жол берилбесин деген шылтоо менен, ал «чу дегенде» Сооронбайдын бир тууганы Асылбекти депутаттыктан кетсин деп кату талап менен чыкты. Мындан майнап чыкпай калганына түшүнүп анан ал Сооронбай Жээнбековдун өзүн каралоого өттү.

 Сооронбай Жээнбековду ал - «колхоз», «айбан», «помешан в деньгах», «может убить Раим- миллиона» деп, эгер азыркы зөөкүрдүк, өзүмбилемдик токтобосо, "Сооронбай, кет!" - «айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаӊ менен кошо жогол» деген талап коебуз деп дөрүгөн сөздөрдү элге таратты. 

Атамбаевди түшүнсө болот, себеби парламент кураган атайын комиссия анын кол тийбестигин жойуу боюнча каршы эмес экендигин Баш Прокурорго билдиргенден кийин, анын кейпи «на воре шапка горит» дегенге айланды. Ал өзү бийликте турганда жабыкта кармап келген кыӊыр иштери жакында тергеле турган болуп калды. Ошондуктан ал камаларын сезип, элди Сооронбай Жээнбековго каршы козутуш үчүн кату далалат кылууда. Болбосо анын тарапташтары «Сооронбай соруп жатат», «Сооронбай соруп коймок болду» деген ушак сөздөрдү карапайым элдин ичинде тымызын таратышпайт эле. 

Атамбаев сурака алынбасын деген биздин өлкөдө бүгүн бир да киши жок. Ал сурака алыныш керек. Эгер күнөсү далилденсе, даже камалыш керек. Бирок бул сурактын өзү, Атамбаев учурундагыдай, элде шэк жаратпаш керек. Кыскасын айтканда, Атамбаевтин мурдагы кетирген катасын бүгүн Сооронбай Жээнбеков кайталабаш керек.

Тилекке каршы, ушуга жол берилип калганы турат. Эмне себептен, ачыктап берейин.  Атамбаевтин кол тийбестигин жойуу боюнча парламент кураган атайын комиссия бир чечимге келип, ал чечимди парламентте 100 депутат колдоп жиберди.

Бирок ошол атайын комиссиянын курамына кирген депутаттардын бир тобу Атамбаев учурунда суракка алынып, кээ бири камалып келишкен депуттатардан болгондуктан, алардын чечими калыс болоору шэк туудурат. Бул биринчиси.

Экинчиси Атамбаевтин кыныр иштери деп бааланган иштер учурунда ушул эле парламенттин колдоосу менен жасалып келген. Атамбаев учурундагы парламенттин мыйзам алкагында кабыл алган чечимдери, эгер Атамбаев суракта күнөлү деп тыянакталса, мыйзамсыз чечим катары бааланып, ал чечимдер жокко чыгарылышы керек.

Бу деген эл аралык келишидерди жокко чыгарыш керек дегенди эле билдирет. 

Ошондуктан сунуш кылам. 

Атамбаевтин сурагын Баш прокурор парламенттин сунушу менен эмес, коомдук уюмдардын башын бириктирген «Элдик Курултайдын 2018-жылдын ноябрь айында, 2019-жылдын март айында Атамбаев суракка алынсын деп Баш Прокурорго расмий жолдогон сунушуна таянып парламентке кайрылыш керек. Эгер парламент Баш Прокурордун ушундай сунушуна макулдугун берсе, Атамбаевтин сурак бере баштаганы кынтыксыз болот. 

Кечээ Атамбаев Кой – Таштагы уйүндө өз тарапташары менен жолукканда «мен бийликтин сурагына барбайм». Коркпогула, атышканга куралым бар деп жар салды. "Эски бийлик менен жаӊы бийлик атыша баштады" деген сөз дүйнөгө тарабаш үчүн, Баш Прокурор Элдик Курултайдын чечимине гана таянып Атамбаевти сурака чакырса, Атамбаев суракты бийликтин эмес элдин чечиминин негизинде берүүгө мажбур болуп калат. 

Баш Прокурор буга маани бербей тоӊ моюндук кылса, Сооронбай Жээнбековго болгон Атамбаевтин жектөөсү атышууларга алып келиши ыктымал",- деп мамлекеттик жана коомдук ишмер, Мамбетжунус Абылов NazarNews.kg маалымат агентигине өз пикирин билдирди

Булак:NazarNews.kg

Последние новости