www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүмзордугу, ач көздүгү, мансапкорлугу жана эң башкысы мыйзамды сыйлабастыгы ал бийликтен кеткенден кийин даана билинди. Өткөн жылдын 7-8-августунда Кой-Таштагы хансарайында болгон окуя мунун ачык далили болуп калды.А. Атамбаев өзүнүн мамлекетти башкарып тургандагы алты жылында жасаган коррупциялык иштери ачыкка чыгып калган соң, бийликти бир беткей шыбаганга өтүп алганын коомчулук жакшы билет.

ИИМдин тергөө башкармалыгы аны үч ирет суракка чакырды. Жөн гана күбө катары суракка чакыруулардан да баш тартты. Алтургай ИИМ министринин орун басары өзү барганда да хансарайына киргизбей койду. Мыйзамды сыйлап, суракка барып койгондун ордуна короосуна таш түшүртүп, короосунун сыртына бетон тосмолорду койдуруп басмачылык ыкмадагы коргонууга өттү. Кийин ал үйүнүн ичинде да кум салынган мүшөктөр менен коргонуучу жай жасап алганы билинди. Бука сойдуруп, бекер дискотека уюштуруп, акча таратып короосуна карапайым аялдардан, бала-чакалардан тирүүлөй чеп кургусу келди. Мындан сырткары маалымат каражаттары, интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу мамлекетибизди, элибизди экиге бөлгөн трайбалисттик бузукулукту жасады. Анын акчасына алданган айрым жаш активисттер, айылдаштары да АШАнын тапшырмасы менен мыйзам бузууларга барышты.

Ошентип Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине шектүүлөрдүн катары бүгүнкү күндө 19 адамга жеткени белгилүү болду. Адегенде алардын саны 12 болгон. Шектүүлөрдүн катарында мурдагы президент А. Атамбаев өзү, анын «жакшы вазири» Ф. Ниязов, парламент депутаттары И. Карамушкина, А. Кодуранова, ар кимдин акырынан жем издеген Равшан Жээнбеков бар. Шектүүлөрдүн арасында Кой-Таш жана Арашан айылдарынын жашоочуларынан катталган. Дагы эки шектүү - элдик штабдын мурдагы начальниги Кыяс Смаилов жана «Дан» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы Алга Кылычев тергөө менен иштешип жатышкандыктан алардын иши өзүнчө өндүрүш болуп бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши 80 том болгону да белгилүү болду. Шектүүлөргө кылмыш кодексинин «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата коркутуу же басым кылуу», «Курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча иш козголгон. Эми элди бөлүп-жарып, мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салууну көздөгөндөр мыйзам чегинде тиешелүү жазаларын алуулары керек. Аларга карата бериле турган жаза башка арам ойлууларга да сабак болуусу кажет. Мамлекетибизди бүлүнтүп, элибизди бөлүп-жаргысы келген ички «мителерден» арылсак гана биз өнүккөн, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук орногон өнүккөн өлкөнү кура алабыз. Бул тууралуу Беспредел KG-КР маалыматты жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости