www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эл аралык Манас” аэропорту ААКы 2019-жылы 9 айдын ичинде 2 миллион 714 миң 706 жүргүнчүнү тейлеген. Бул көрүнүш мурунку жылга салыштырмалуу 46 миңге көп. Алардын ичинен ички авиялиниянын жүргүнчүлөрү 867 миң 866 адамды түзгөн. Ал эми эл аралык линияда 1 миллион 846 миң 840 адам тейленген. бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Эл аралык Манас” аэропортунда бир суткасына орто эсеп менен 9,9 миң жүргүнчүнү тейлешчү.  Бул мөөнөт ичинде 23 миң 135 рейс тейленген. Алардын ичинен эл аралык багыттар 15 миң 546 рейс, ички багыт боюнча 7 миң 589 рейс тейленген.

Филиалдар боюнча:

“Эл аралык Манас” аэропорту ААКынын Бишкектеги филиалы 14 миң 657 рейс тейленген. Алардын ичинен ички багыт 3 миң 749, эл аралык 10 миң 908. Жүргүнчүлөрдү ташуусу 1 миллион 587 миң 513 адамды түзгөн. Анын ичинен ички авиялиниядан 427 миң 534, эл аралык линиядан 1 миллион 159 миң 64 адам.

“Эл аралык Манас” аэропорту ААКынын Оштогу филиалы 8 миң 214 рейс: ички – 3 миң 750, эл аралык – 4 миң 464. Жүргүнчүлөрдү ташуусу 1 миллион 111 миң 187 адамды түзгөн. Алардын ичинен ички линиядан 433 миң 123 адам, эл аралык линиядан 687 миң 64 адам тейленген.

“Эл аралык Манас” аэропорту ААКынын Ысык-Көл филиалы 264 рейс тейлеген: ички – 90, эл аралык-174. Жүргүнчүлөрдү ташуусу 16 миң 6 адамды түзгөн. Алардын ичинен ички авиялиния 7 209 адам, эл аралык линияда 8 797 адам тейленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости