www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Манас» эл аралык аэропортунда террордук акт коркунучу тууралуу маалымат түшкөндөн кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, коопсуздук кызматы аэробекеттин имаратын жана ага чектеш аймакты тыкыр текшерип жатат.
«Биз тараптан бардык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Имарат жана аэробекетке чектеш бүткүл аймак текшерилүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Учурда аэропорттун иши штаттык режимде уланып жатат, жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча кызматтар тартылды.
Расмий ведомстволор жарандардан сабырдуулукту сактоону жана маалыматты расмий булактардан гана алууну суранат.