www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп менен РФ башчысы Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, анын жыйынтыгында жакынкы аралыкта дагы бир жолу жолугушуу өткөрүүнү чечишти. Жолугушуунун так күнү көрсөтүлгөн жок, бирок лидерлер жолугушуунун жерин макулдашты. Алардын жаңы жолугушуусу Будапештте өтөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Дональд Трамп менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсү жакшы жана натыйжалуу болду, деп билдирди Ак үйдүн пресс-катчысы Кэролайн Левитт «Fox News» телеканалынын эфиринде. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Дональд Трамп өзү Владимир Путин менен болгон маегинин маанилүүлүгүн белгилеп, анын жыйынтыгында чоң ийгиликтерге жетишилгенин айтты.
Ак үйдөн кабарлашкандай, АКШ жана Россия президенттери Украина жана Газа секторундагы чыр-чатактарды талкуулашты.