www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Манас» эл аралык аэропортунун башчысы Бактыбек Сыдыков ээлеген кызматынан кеткенден кийин анын ордун маркум Ташболот Түлеевди аталаган, Нариман Түлеевди агалаган, “Сапаткомду” сагалаган, башына иш түшкөндө аларды сатып кеткен Бакыт Шаршеев бүгүнкү бийликтин тилин тапты.
Дегенибиз, өзүн бактылуу сезген Бакыт Шаршеев бул бийликке “мурдагы “Ата Журт” партиясы менен бир акырдан жем жегенбиз” деп дооматын артып жатып, шайлоодо биртике ары-бери чуркамыш болуп штаб ачып, штабка башчы боло калды.
Кызыгы, жыйынтыгында президент Жапаровго “нарындыктардан сизге добуш алып бердик” деген шылтоо менен энчисине эки анжы болуп турган аэропортко аттанышып, кайрадан кызматка келишти.
Андан да эң кызыгы, булар ачкан саясый штаб “Эйр Кыргызстан” компаниясы мамлекеттикиби же Жолдош Токторбаевдикиби? - деген ой жаралат...Анткени, буга чейин аталган компаниянын кеңсесин Токторбаев Алмазбек Атамбаевге президенттик шайлоодо штаб кылып ачып иштесе, кийин ушул эле имаратта алар СДПК партиясына эки жолу кулдук урушкан. Арада мурдагы президент С.Жээнбековго төшүн тосо калган жайы бар. Соңунда “азыркы бийликке оппозияциямын” деп төшүн каккан Жеңиш Молдокматовдун “Замандаш” партиясынын жеке штабы да боло калган.
Коомчулукту таң калтырганы “Замандаштан” багы ачылбаган Жолдош Токторбаев Шаршеевди “шарит этип”, ээси кеткен бийликтин эбин табышты.
Ошентип, Маргунов менен Вицин эки чунак ээрчишип бири жетекчи, бири этекчи болуп “Манас” аэропортун ээлеп жатып калышты. Ток этээрин айтканда өлкөдөгү темирдин баарын Кытайга сатып байыган, “Сапатком” уюлдук байланышын “банкрот” кылган, “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик чоң учак компанияны талкалап, тамтыгын чыгарган эргулдар эгиз козудай ээрчишип “Манас” аэропортуна барды.
Эми “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик компаниянын түбүнө жеткен эргулдар “Манасты” кыйратабы деген суроо жаралат.
Эх, агалар, бийлик менен мансап үчүн Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин кызын келин кылып алдыңар. Жыйынтыгында ээрчишкен эки жигит бийлик эмнелерди гана кылбады...?
Аталган кызмат боюнча түшүнүгү такыр жок, эки эрендер мамлекеттик кызматка келе берсе өлкөнүн тагдыры эмне болот?
Жакынкы аралыкта эзилишкен эки достун саясатка болгон “махабат” секиригин кайрадан улантабыз.
Булак: NazarNews.kg