www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарында Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын тогузунчу жолугушуусу болуп өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов да катышты.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык коопсуздук жаатындагы бир катар маселелер, анын ичинде Афганистан аймагынан келип жаткан жана биотехнологиянын, анын ичинде синтетикалык биологиянын өнүгүүүсүнө байланыштуу жаралган коркунучтар талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары КМШ мамлекеттеринин миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык маселесин талкуулашты.
Коопсуздук кеңешинин катчылары улуттук жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча өз көз караштарын билдиришти (Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикасы).
Андан тышкары Марат Иманкулов менен Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы 2022-2023-жылдарга кызматташуу планына кол коюшту.
Булак: NazarNews.kg