www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Зайырбек Ажыматов акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 1-май күнү кыргыздын таланттуу акыны, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Зайырбек Ажыматовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. 

Белгилүү акын 29-апрелде 44 жаш курагында дүйнө салган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына көптөгөн белгилүү адамдар, бийлик өкүлдөрү жана калың эл катышты. Баардыгы акынды жоктоп, аза күтүштү. Зайырбек Ажыматовдун артына калтырып кеткен изи эскерилди. Президенттин атынан жакындарына жана жалпы кыргыз журтуна көңүл айтылды.

Маркум Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.

2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

NazarNewsтун жалпы жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости