www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-майда акын, журналист Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошууга акындын туугандары жана маданият өкүлдөрү болуп 100дөн ашуун киши келди.

Депутаттардын бири Рыскелди Момбеков акынды эскерип, калың эл кара тумоодон эмес, эки акынынан ажыраганына кайгырып турат дейт.

"Урматтуу карайлап турган калың журтум, армандап турган аксылык туугандар! "Залкар элең Зайырбек, зарлаттың неге кайыр деп" демекчи, бүгүн кыргыз эли зарлап турат, каңырыгы түтөп, какшап турат. Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында ээрчишип келген, катарлаш келген мындай кайгы болбосо керек эле. Эки аптага жетпеген убакыт ичинде адабияттын, маданияттын эки тоосу бөксөрдү. Зайырбек акка моюн сунса, аны алып кеткен ажалга биз бүгүн тажиясында моюн сунуп турабыз. Жашоо түбөлүк болбойт экен, түбөлүк деген күбөлүк дагы болбойт экен. Зайырбек Ажыматов тууралуу алдыда дагы далай сөздөр айтылып, ырлар жазылат. Өнөрлүү адамдар өлбөйт. Муну белгилүү акын Токтогул Сатылганов "өлтүрсөңөр өлөрүм бар, өлбөй турган өнөрүм бар. Астырсаңар денем калат, артымда калган ырларым оттой жанат" деген. Мен ойлойм, Зайырбекти жерге берсек дагы анын таланты, ырлары элдин жүрөгүндө кала берет. Экинин бири Элмирбек Иманалиевди эстесе, экинин бири Зайырбек Ажыматовду эстеп турат", - деди депутат.

Белгилей кетсек, Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 43 жашында көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости