www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажрыйбалуу уролог дарыгер катары бейтаптардын саламаттыгына кам көрүп келе жаткан медицина илиминин кандидаты Марлен Бекташович менен жакында маектешкен элек. Марлен мырза өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу бизге буларды айтып берди.
Марлен Кылычбеков, медицина илимдеринин кандидаты: “Аденоманын алдын алуу үчүн эркектер УЗИден өтүп туруусу керек!”
--Марлен мырза, алгач өзүӊүздүн ишмердүүлүгүӊүз тууралуу айтып берсеӊиз?
--Мен 1992-жылдары медицина факультетинин дарылоо факультетин бүтүрүп, анан интернатурада урология боюнча бир жыл окуп, аны 1993-жылы бүтүрүп, борбор калаабыздагы №1-клиникага ооруканадагы 60 койкалуу урологиялык бөлүмгө врач-уролог болуп ишке орношком. Ошол жактан 2002-жылы өзүмдүн кесибиме байланыштуу илимий иш менен алектенип кандидаттыкты жактадым. 2003-жылы профессор Акылбек Усупбаев баш болгон дарыгерлер шаардагы урология бөлүмдөрүнүн баарын бириктирип илимий урологиялык борборду ачышкан. Ушул эле жылдын декабрь айынын тарта илимий урологиялык борбордо врач катары иштесем, 2015-жылдан баштап бөлүм башчы болуп эмгектенип жатам.
--Бүгүнкү күндө эркектердин оорусу аябай көп кездешип жатпайбы. Көбүнчө кайсы оорулар менен кайрылып жатышат?
--Аденома, простатиттен тышкары тукумсуздук оорулары менен кайрылып жатышат.
--Тукумсуздук демекчи, бул оору эмнеден улам пайда болот?
--Бул дарт экология бузулгандыгына, тамак-ашка, стресске, суукка урунууга байланыштуу болот.
--Эркектер үчүн чыккан дарылар тууралуу эмне айта аласыз?
--Элге айтарым, биринчиден врачтарга кайрылып дартын аныктатып алышы керек. Элдик дарыгерлерден тышкары айрымдар кытай медициналык борборлоруна кайрылып жатышат. Эми андайлар өздөрүн жарнамалып иштешет. Ал эми биздин борбор жарнамасы жок эле, жалпы республика боюнча бейтаптарды дарылайт.
--Угушубузга караганда жашы 50дөн өткөн эркектер аденома оорусунан жапа чегишет экен. Бул оору тууралуу да кыскача айта кетсеӊиз?
--Бул оору сиз айткандай эркектер 50 жаштан өткөндөн кийин организминдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам аденома эт өскөндөй чыгып, заара чыгуучу каналды жаап салат. Эгерде бейтаптар бул илдеттин баштапкы башталышында кайрылышса аны дарылоо оӊой экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Андыктан бул оорунун алдын алуу үчүн эркектер бир жылда эки жолу урологго кайрылып менен бирге, УЗИден туруусу керек.
--Тукумсуздуктун айрым бейтаптар чоӊ суммадагы акча коротуп чет өлкөдөн ЭКУ жасатууга мажбур болуп жатышпайбы. Бул тууралуу эмне демекчисиз?
--Сиз айткандай бейтаптар ЭКУ жасатууга мажбур болуп жатышат. Ал эми мындай ыкма колунда жок бейтар үчүн чоӊ көйгөйдү жаратат экен. Эгер биз ЭКУну өзүбүздүн жергиликтүү ооруканаларга киргизсек баасы төмөндөп, анда карапайым калкка бир топ эле жеӊилдик болмок. А бизде азырынча түрк фирмасы аркылуу ачылган жеке ооруканада гана ЭКУ кызматы тейленип келет.
--Сиздердин борбор заманбап медициналык аппараттар менен жакшы эле камсыз болсо керек...
--Албетте, бүгүнкү күндүн талабына ылайык керектүү медициналык жабдууларды колдонуп жатабыз. Мындан тышкары чет өлкөлөргө семинарларга барып, уролог дарыгерлер менен тажрыйба алмашып турабыз. Былтыр биздин республикада дүйнөлүк масштабдагы урологдордун чоӊ жыйыны өттү.
Нуркемел ИСАЕВ
Булак: NazarNews.kg