www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын күч түзүмдөрүн тескеген орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн антикризистик чаралар боюнча азыр өтүп жаткан жыйынында "укук коргоо органдарынын маянасы 1-апрелден тарта көтөрүлөбү?" деп сурады.

Буга өкмөт башчы Акылбек Жапаров жооп берип, былтыр укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин маянасы теңелгенин, азырынча социалдык тармакка көңүл бурулуп жатканын айтты.

"Буга чейин милиция кызматкерлерине дагы чыдап берсеңиздер деп айткам, бүгүн алар эң азы колуна 11-12 миң сом алып жатат. Бирок алардын балдарын окуткан, дарылагандар эки эсеге артта калып калды. Президенттин тапшырмасы менен жакында 309 миң кишинин маянасын көтөрөбүз. Буга мугалим, дарыгер, маданий кызматкерлер кирет. Салык жана Бажы кызматтары биз койгон пландарды аткарып жатат, ушундай темп экинчи жана үчүнчү чейректе сакталса, августтан тарта укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу сценарийин даярдап жатабыз. Бир-эки квартал чыдап берсеңиздер деп суранып кетем", — деди Жапаров.

Андан соң Ташиев "1-апрелден баштап маяна көтөрүлбөйт" деп ачык айтуу керектигин билдирди. Себеби алар ушул маселени көтөрүп жатканын белгилеп, эми 1-августка пландалганын тактап коюуну суранды.

Өз кезегинде каржы министри Алмаз Бакетаев январь-февраль айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажыдан 203,6 пайызга, салыктан 186 пайызга көп киреше түшкөнүн билдирди. Бул сумма 15 миллиард сомду түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости