www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы, Медеткан Шеримкулов жалпы кыргыз элине аткаминерлерге өзүнүн жеке пикирин билдирди.

--Кыргызстанда мыйзам бузуу менен бийликке келүү мүмкүн эмес. Айрым убакта келүүгө мүмкүн. Бирок, мыйзамды бузуп бийликке келгендердин жолу кууш болот. Келечеги жок болот. Алардын саясый өмүрү, жашоосу, ийгилиги өтө кыска болот. Себеби, биздин элибиз кылым карыткан эл. Эч убакта адилетсиздикке, адамдын ар намысын басмырлоого жол бербей келген эл. Ошон үчүн кылым карытып келатабыз. Ар-намысыбыз биринчи орунда турган үчүн Орто Азиядагы намысын алдыга койгон байыркы элдерденбиз. Ким бийликке, бийликтин туу чокусуна жетүүгө аракет кылбасын, мыйзамдуу жол менен келиши керек. Бийликке келиш үчүн элиңерди ишендиргиле. Элиңердин алдында эмгегиңерди көрсөткүлө. Элдин колун толгоп бийликке келип алсаңар, элиңер кабыл албай коёт. Бул бүгүн эле эмес, 30 жылдык тарыхыбыздагы жыйынтык.

Алдыбызда дагы шайлоолор турат. 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты. Демек, эртеби, кечпи бүгүнбү, эртеңби баары бир парламенттик шайлоого барабыз. Алдыдагы максатыбыз мамлекетибизде стабилдүүлүктү орнотуу, элдин бийлигин сактап калуу болуш керек. 2005-2010-жылкы окуялардын негизинде эки президент тең качып кетти. Сооронбай Шариповичтин артыкчылыгы, өзгөчөлүгү республикадан качкан жок. Кан төгүүгө жеткирген жок. Тартипти орнотууга болгон аракетин жасап жатат. Эми кетирген кемчиликтери да бар. Аны өзү да түшүнүп турат. Сооронбай Шарипович эмнеге мындай абал жаралганын элдин алдында айтат деп ойлойм. Мен эл тарабынан шайланган президентибиз Сооронбай Шариповичтин бийлик башына легитимдүү президент деп официалдуу оюн билдирип жатышат. Бийлик талашып, мен президент болсом, мен бийликке келсем дегендерге президенттик кызмат бирөө эле экенин айткым келет. Ошол кызматка жетем деп аракет кылгандар көп. Кимиң болсоң да президенттик кызматка бир гана мыйзамдуу жол менен келгиле. 2-3 күндөн бери элдин биримдигин сактайм деп жасап жаткан аракетиңерди колдойм.

Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылам. Силердин ыйгарым укугуңар бүтө элек. Конституцияны жакшылап карасаңар жаңы парламент шайланып келип, биринчи сессиясын өткөргөндө гана силердин ыйгарым укугуңар бүтөт. Ушул республикада бийлик башы калчылдап, начарлап турган мезгилде Президент, Жогорку Кеңеш жаңы шайланган өкмөт башчы жана өкмөт өз ордунда туруп, ошондой эле жергиликтүү бийлик стабилдүүлүктү сактап, жаңы шайлоону өткөрүшү керек.

Жаңы шайлоо качан, кандай тартип, кандай принциптер менен өтөөрү боюнча учурда ар түрдүү жолугушуулар, кеңешүүлөр болуп жатат. Каршыларын да, калыстарын да ортого салып, бир пикирге келип анан шайлоого барышыбыз керек. Оппозициядан коркпош керек. Сенин ой пикириңе туура келбеген пикирди айткан кишилерди жаман көрбөш керек. Себеби, башка пикирди айткан кишилердин пикиринде дагы рационалдуу данектер бар. Ошону уга билели. Себеби, оппозиция да, позиция да, бийликте жүргөндөр дагы, бийликтен алыстар да Кыргызстандын эли. Баарыбыздын оюбуз баарыбыздын тилегибиз республикабызда тынчтыкты сактап калуу, элдин биримдигин күчөтүү. Регион регион кылып, түштүк-түндүк, батыш-чыгыш кылып бөлүүгө жол бербөөдө турат. Биз кыргыздар титулдук улутпуз. Кыргызстандагы кайсыл гана улуттун жарандары болбосун бул кыргыздын жарандары. Кайсыл гана улуттун, диндин адамы болбосун бул кыргызстандыктар. Кыргыз эли жана кыргызстандыктар Кыргызстандагы бардык улуттун келечеги, бакубат жашоодо жашоосуна үмүтүнө дүйнө алдында жооп беребиз. Себеби, биз кыргызбыз, Кыргызстандыкпыз. Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү бийликтин баары бүтүн кыргызстандыктар. Ошол оор мезгилден чыгып кетүү үчүн бирибизди бирибиз уга билели. Бирибизди бирибиз түшүнө билели. Тескери сөз айткан кишини душман көрбөйлү. Мезгилдин оордугунан пайдаланып, бийликти тартып алууга, элди бөлүп жарып, тууган- туушкандарын, партиялаштарын колдоосу менен бийликке келе калам деген суу кечпеген ой, суу кечпеген аракет. Кыргызстанды, кыргыз элинин биримдигине сактап калабыз дей турган болсок, улуу кичүүнүн баары болуп аксакалдарга чейин жөнөкөй жарандан баштап мыйзам талаасына келип, республикабызды сактап калалы. Сооронбай Шарипович ордуңузга отуруңуз. Болгон жагдайды айтууга аракет жасадым. Кийинки учурда телевидениеден, гезит журналдардан оюмду ачык айтып жатам. Бийлик башындагылар бийликке аракет кылып, элдин ишенимин алып келдиңер.  Элдин арасында нааразычылык болуп жатканда дайыныңарды чыгарбай качып кеткениңер болбойт. Бийликте жүргөндө сый-сыпатты көрүп, элдин алдында галстукту тагынып жүргөн жеңил. Кыйынчылык келгенде ошону көтөрө билүү, башаламандык болуп жатканда аны уюштуруп жаткан күчтөргө, элдерге туура сүйлөп, баарыбыз бир мамлекетте жашап жатабыз. Ошол мамлекетти сактай билели деп коркпой элдин алдына чыккан  жүрөктүү, билимдүү, акыл-эстүү жетекчилер керек. Парламенттик шайлоо мурун өтөбү же башкасы болобу акылдашалы.

Медеткан Шеримкулов, саясатчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости