www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британ ханышасы Елизавета IIнин небересинин кылыгынан кийин Британиянын монархиясы коркунучта жана ханышанын ден соолугу дээрлик начарлап кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилей кетсек, буга чейин ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карандысыз болууну кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан.

18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарлаган.

Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.

Бул окуя Елизавета үчүн оңой болгон жок, себеби Гарри ар дайым анын сүйүктүү небереси болгон. Ал расмий түрдө жубайларды колдогону менен, Гарринин чечими Елизавета үчүн чоң сокку болгонун баары түшүнөт.

Маалым болгондой Елизавета жарым саат калганда абдан манилүү жолугушуудан баш тартты. Инсайдерлер ханышага бир аз суук тийип калды деп айтышкан. Бирок, британиялыктар Елизаветанын абалына тынчсызданып жатышат. Себеби анын жашына мындай стресс ден соолугуна олутту зыян келтириши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости