www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт жана жарандык активист тарабынан жабырлануучуларга келтирилген зыян төлөп берилди.
Эске салсак, жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев январь айынын башында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигин опузалап, 250 миң доллар талап кылуу факты боюнча кармалган.
Улан Жураев үй камагына чыгарылган. Ал Башкы прокуратура менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ал эми Мелис Аспеков тергөө аяктаганга чейин СИЗОдо кармалды. Улан Жураев күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылды.
Булак: NazarNews.kg