www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Европага газды рубль менен сатууну буйруду

Орусия президенти Владимир Путин “дос эмес өлкөлөргө” газды экспорттоодо төлөмдү доллар менен эмес, рубль менен алууну тапшырды. Бул боюнча буйрукту ал Борбордук банкка жана өкмөткө берди. “Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, газга рубль менен төлөө операцияларынын тартиби бир аптанын ичинде аныкталып чыгат.

Украинага кол салгандан кийинки санкцияларга жооп катары Орусиянын өкмөтү 7-мартта "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин түзгөн. Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария, Микронезия, Сан-Марино сыяктуу 50 мамлекет киргизилген.

Президенттин буйругуна ылайык, бул тизмедеги мамлекеттер Орусиянын рыногунан газды рубль аркылуу сатып алышы керек болот. Ал үчүн алар алгач рублди сатып алуу үчүн өздөрү орус жергесине доллар же евро киргизүүгө аргасыз болот.

Владимир Путин өз чечимин комментарийлеп жатып, жамааттык Батыш өздөрүнүн валютасына гана ишенип, Орусияга санкция салып жатса, Евробиримдикке товарын жеткирип жаткан Орусияга дагы алардын валютасында акча алуунун мааниси жок” деди. Ал ошол себептүү “өзүн-өзү актабаган валюталар менен эсеп жүргүзүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алганын” кошумчалады.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ доллар банкнотторун, Евробиримдик евро банкнотторун Орусияга жиберүүгө тыюу салган. Мындан сырткары алар доллар жана евро түрүндөгү Орусиянын резервдерин камакка алып, он чакты орус банкын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан чыгарып салган.

Бул орус жергесинде чет элдик валютада алып-сатуу жүргүзүүнү татаалдатты. Өлкөдө накталай доллардын жана евронун тартыштыгы кескин байкалып, бийлик бир нече чектөө киргизүүгө аргасыз болду.

Путиндин идеясына Батыш өлкөлөрүндөгү сатып алуучулар кандай реакция кылаары азырынча белгисиз. Мурдараак Москвага салынган санкциялардын алкагында АКШ Орусиядан мунайды жана газды импорттоодон баш тарткан, Евробиримдик орус газына олуттуу көз каранды болгондуктан, андан баш тарта элек. Германия баштаган өлкөлөр альтернатива издөөдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости