www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Мелис байке, сиз ушул кызматка келгени интернет сайттарда, соц тармактарда чуру-чуу чыга түшту. Бул көрүнүштү коомчулуктун сизге карата каршы пикири катары түшүнсөк болобу?
- Жо-ок. Андай эмес да. Мына мен жумушка келгени жогорку жетекчилик, ошол эле ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери куттуктап келип атышат. Бул биринчи жагы. Экинчи жагына келсек, карапайым эл мени колдойт. Көпчүлук адамдар ишеним артып атышат... Ал эми айрым сайттар, анан Адил Турдукулов эле жамандап атат. Эми алар коомдук пикирди түзбөйт да.
- Сизди Адил Турдукулов «формачан бандитке» образдуу түрдө салыштырганына эмне дейсиз?
- Мен көчөдөн Адил Турдукуловду көрсөм тааныбайм. Аны менен экөөбүздөй болуп эч качан көрүшкөн эмесмин. Эми ал жигит курчтугуна салып, Фейсбукка жазып аткандыр, бирок, эртең ошого да жооп бериш керек да. Мен коркутпайм, дайыма ачык адаммын, телефон чалсын, кандай суроолору болсо жооп берейин, сыртта туруп алып эле ура берген болбойт да.
- Мен буга чейин Адил менен суйлөштүм. Ал айтты, сиз ИИМди жетектеп турганда Канат Жумагазиев аркылуу аны коркутуу үчүн балдарды жана «кайырмакка илүү үчүн» кыздарды жөнөттүңүз беле?
- Эми Канаттан сураш керек да. Мен кантип ошондой ишке барам? Факты жок да. Жөн эле сөздү айта берсек болбойтда, туурабы?
- Бул боюнча Канат Жумагазиевден да сурал алабыз...
- Эми сен сурайсың да. Адил досуңа айталасыңбы, мага суроолору болсо чалсын, сүйлөшөлү. Мен ага эмне жамаңдык кылдым? Отуруп алып эле ар кайсыны жазып атса жиниң келет да, ушундай иштерди жигитчиликте эле чечип албайлыбы?!
- Сиз орун басарыңыздын кабинетине отуруп алыпсыз го?
- Ооба. Бул кабинетти мурда Сагын ремонт кылып, жакшынакай иштеп кетиптир. Мен азыр өзүмдүн кабылдамамды ремонт кылдырып атам. Эми бул жак такыр эле каралбай калыптыр да. Биринчи өзүмдүн кабинетимди жасалгалап, андан кийин башка кызматкерлерге да кам көрүүнү ойлонуштуруп атам. Жасай турган иштер
көп экен. Бул кызматта канча отурам Кудай билет, системаны оңдоп кетейин деген гана тилегим бар. Мына, азыр түрмөлөрдө канчалаган күнөөсүз адамдар отурушат, болбогон жалаалар менен кармалып атышат. Алардын тагдырын да ойлош керек да. Түрмөгө камалса эле эл душманы эмес, биздин жарандар. Ошолордун иштерин дыкат талдатып, түрмөдө эзе бербей чыгара турганын чыгарып, мыйзамдын, адилеттүүлүктун алкагында иштерди каратыш керек. Андайларды эркиндикке чыгаруу зарыл иш...
- Мелис байке, сиздин аракетиңиз ишке ашсын, ийгилик каалайм! Бирок, сындаган тараптарга да ачууланбай, «душманды дос кылуу» дегендей позицияга өтсөңүз туура го?..
- Сени мен Бакиевдин бийлигинен бери курч калемгер катары билем. Эмчектешим Мелис Эшимкановдун гезитинде иштеп жүрчүсүң. Мен эч ким менен душман болбойм, кандай суроо болсо да менин телефон номерим баягы эле, чалгыла, кызыктырган суроолоруңарга жооп берем. Бирок( журналисттер бир беткей кетишпей, арттан шыбабай эле диалогго чыгышса туура болот да...)
Асланбек Сартбаев
Булак: "Азия Ньюс"