www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен илгери союз кезинде кадимки эле балдардай өз милдетимди өтөш үчүн, он сегизге чыкканымда кызыл армиянын катарына чакырылып калдым.
Ооба, ал кезде жаз мезгили болучу. Мен жазгы чакырык менен май айынын жыйырма төртүнө чакыруу барагын алып, алгач Өзбекстандын Чирчик деген шаарына барып үч ай даярдыктан өтүп калганбыз. Негизи алты ай болосуңар деп айтышкан. Бирок бизди шашылыш Ташкенттен самолётко салып Афганистанга алып барышты.
Барганда эмне эч нерседен деле корккон эмеспиз. Бирок бары бир жүрөк бир нерсени сезип, түпөйүл ойго кабылдык. Арадан эки апта өткөндө чоң салгылаш болду, кадимки эле кинодогудай. Биз ал күнү жашырынып жатып эртеси күнү чыгып согуш болгон жерди кыдырып жүрүп бир афган кишини колго түшүрдүк. Ал эмне болуп бул аймакта калып калган ага биздин акылбыз деле жеткен жок, бирок мурда кызмат кылып бул аймактын шартына көнүп калган солдаттар аны кармаганда эле ур-тепкиге алып жиберишти.
Көрсө ал снайпер экен. Бутунан жарат алып бир орундан жыла албай калган үчүн колго түшүп калыптыр. Аны ага сержант эч сөзгө келбей анын жанына жакын барып туруп, бычак менен бир кулагын шарт эле кесип алды “мен сага эмне дедим эле” деп. Көрсө ал мурда дагы колго түшсө керек, тигинин айткан сөзүнө караганда. Бир жагынан ага сержантка да туура түшүнсө болот. Анткени ал канча солдатты атып жок кылды. Кулагы кызыл жаян болуп эле жатып калды. Аны кармап частка алып келдик. Бирок тиги афган жоокер кулагын кесип алган сержантты өз тилинде каргады окшойт бир нерселерди эле айтып жаткан. Анын тилине түшүнбөгөндөн кийин биз көңүл деле бурган эмеспиз. Бирок каргыш деген жаман нерсе экен.
Билинбей арадан үч ай убакыт өтүп, баягы сержант кеткенге даярданып жаткан болучу. Бирок эмнегедир эле акыркы кезде капа болуп жүргөнүн байкап калдым. Көрсө алиги афган жоокер түшүнө кирип, жанын койбой жүргөн экен. Бир күнү аны акыркы жолу постко койду. Ооба, кетебиз деген дембилдер формаларын жасап, бир орунга олтура албай калышкан. Андан дагы Афганистандын жери такыр эле көзгө комсоо көрүнүп, көбүнчө жылаңач тоолор курчап турчу. Ошол жылаңач тоолордон дайыма кол салуу болуп турар эле.
Эми афган жери тоолуу жер экенин барыбыз билебиз. Бир күнү жакшы уктап жаткан экенбиз, түн ортосу болгондо кулакка тааныш тривога болуп, таттуу уйкуда жаткан солдаттар ыргып туруп эле кийинип автоматтарды алып, катарга туруп калдык. Качан команда болгондо ок атылган посту көздөй чуркап жөнөдүк. Айсыз караңгыда кайда бара жатканыбызды деле билген жокпуз. Мындай тревогага көнүп деле калганбыз. Анткени согуш болуп жаткан жерде сөзсүз кол салуу болбой койбойт эмеспи. Андан дагы ошол кезде афгандар жан үрөп, жанды койбой кол салып, тим эле кан күйгөн согуш күч алып турган кез болучу. Күндө ок атылып, ар кайсы жерден тынымсыз беттешүү. Күндүз эч сыр беришпейт да анан түн кирди болду күтүүсүз эле кол салып, посто турган канча кырчындай жигитке ок жаңылды.
Көрсө баягы кетем деп катуу даярданып жаткан экинчи посто турган постко кол салуу болуп, атылган ок толгондон баягы туткундун кулагын кесип алган сержанттын оң кулагын тешип өтүп көзөп кеткен экен. Дагы жакшы ок башына тийгенде анда эмне болмок эле? Дароо ал сержантты посттон бошотуп санчастька алып келип, кулагын көрсөтүп дарылатты. Бирок ал баланын кулагы тешик болуп калды. Ооба, ошол окуя болгондо ал сержант айтып жатпайбы “менин көргөн түшүм төп келди, анткени кулактын кунун алмайын мен сени кетирбейм” деп афган жоокер түшүмө бир эмес үч жолу кирген.
Акыры ал айткандай эле окуя болду. Кап, мен ошондо бекер гана анын кулагын кесип алыптырмын, акыры минтип кулактын кунун алып тынды деп айтты. Көрсө жаман иштин жообун бул жашоодо болгон окуялар эле билгизип жатпайбы “бирөөнү кордосоң өзүң да бирөөнөн кордук көрөсүң” деген нерсени.
Ошентип сержанттын фамилиясы эсимде жок, ысмы Сергей болуш керек эле. Аскерден кулагы тешилип кеткен. Анткен менен күнөө өзүндө. Себеби ал абдан өзүн кыйын сезип, өз билгенин кыла коёп деп канча жолу наряд алды. Акыры өз жазасын алып, кетээринде эсине келип бизге акыл айтып кеткен “жакшы кызмат кылгыла” деп. Андан бери канча жыл убакыт өттү, бирок ал окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде калды. Бул жашоодо көрсө адам баласын эле эмес, керек болсо жан-жаныбарларды да кордобош керек экенине мен ошондо толук ишенгем. Ооба, чындап карасак ал кишинин кулагында эмне күнөө? Кулагын кеспей андан көрө башка жаза колдонсо балким кулагы тешилбей кетет беле ким билет.
Сатар, Ош облусу
Укканын жазган Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg