www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Багы Бактыкандыкынан чоң Индира Жолдубаеванын бир кезде жылдызы катуу жанып, эки чылбыр бир тизгинди колуна алып, атасы эмес чоң атасы жетпеген бийлик секисине чыгып, элибиздин билерманы аталганын эч ким тана албайт. Кыз, андан дагы жаш болуп туруп үлкөн кызматтын крослосуна олтуруп, бир топ чоңдорго сез көргөзүп, өлкөнүн өсүшүнө тоскоол болгон коррупционерлердин кекиртегине кылкан болуп сайылып, жакшы эле чыкчырылды. Анткен менен ошол кездеги шефтин тилинен чыга албай, кээ бир билермандарга аяр мамиле да жасап, кетирген күнөөлөрүнө көз жумган учуру да болду. Ооба, мындай кызматты аркалаганга  анча –мынча аялдардын эле эмес, эркектердин дагы духу  жетпесе керек.

Бирок, ал кызматта иштеп турганда кетирген “косяктары” эми билине баштаганы чатак болуп, башына кара булут айлана баштады.

Бул эми ар кимдин тилин алып, өз акылды эмес, өзгөнүн акылына кирип, акчага көз каранды болгондун бир гана кичине үзүмү. Келкели кеткен Индира айым эми эмненин ичинен чыгат болду экен, аны убакытка коё туралы. Балким коюлган айыптарды чете кагып тап-таза болуп чыгып келээр, көк акчанын күчүн колдонуп. Карга –карганын көзүн чукубайт болуп, бир кезде кол алдында иштеген кесиптештери актап чыгары да турулуу иш.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости