www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен уурдайын, сен ооруй бер Ата-Журт

Тээ илгери белгилүү акын Алыкул Осмонов “Сен ооруба, мен ооруйун Ата-Журт” деп ыр жазганын билебиз. Ушул эле сөз менен Ата-Журтту чексиз сүйүп, ою, тилеги таза экенин билсек болот.

Ал эми азыр Ата-Журтту ооруткандардын саны арбын. Бир жагынан тил кыйналды, экинчи жагынан динчилдер салт-санааны кыйнап бүттү «аны кылба, муну кылба» деп жатып. Ал эми өлкөнү талап-тоноп, элдин ырыскысын жула качып, элге-жерге батпай качып кеткендери айтапаганда дагы кара жанды багыш үчүн бөтөн элге сиңип кеткендердин саны канча. Анан кантип Ата-Журт оорубайт. Ата-Журтту ооруткандар кимдер, албетте билермандар экени жаамы журтка маалым. «Мен уурдайын, сен ооруй бер Ата-Журт» дегендей эле болуп калды. Азыр кандай ишке орношпо «шабашкасы бар экенби?» деп сураган адатка айланган. «Шабашка» дегени уурдай турган жери барбы деген эле кеп экенин кантип жашырабыз. Ооба, азыр элдин дагы аң сезими бузулган деп айтсак аша чаппайбыз. «Эптеп эле акча таап, байыш керек» деген гана максат менен жашап калганы да чын. Байлыкты ойлоп жатып, Ата-журтту ойлогон киши жоктой. Тоо-Таштын баары казылып, кендер чет өлкөгө ташылып кетип жатканы да Ата-Журтту ооруткандан белги берет. Мындай мисалдарга токтолсок аягы түгөнбөйт.

Биз бул жерден саясаттагыларды айтпасак дагы маданият тартмагында эле эмне деген буду-чаңдар болуп жатат. Уккандан уяла турган кулакка жат ырлар чыгып, кээде айла жок күлгөнгө туура келет. Кыскасы, Ата-Журтту оорутуп, уурдап -тоноп,  жатабыз деп айтсак туура болчудай.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости