www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул суроого Кыргызстан профсоюздар федерациясынын президенти Элдияр Карачалов жооп берди:

“Мигранттар жумушка кирээрде эмгек келишимин түзүүсү зарыл. Көпчүлүк учурда мигранттар оозеки келишимдин негизинде жумушка кирип, өздөрүнө маселе жаратышууда.

 Мигранттардын укугу бузулган учурда, Миграция кызматынын өкүлдөрүнө, элчиликке кайрылып өз укуктарын коргосо болот. Бул кызматтын Орусия мамлекетинде да өкүлчүлүгү бар болгондуктан, алар мигранттарга жеринен жардам берүүгө милдеттүү. Ошондой эле, мигрант жумуш учурунда кандайдыр бир кырсыкка кабылса, жумуш берүүчүгө арыздын негизинде кайрылышы керек. Ошондо гана тергөө иши жүргүзүлүп, жумуш берүүчү тарап чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирилет.

Айлык маянаны бербей жатса кээ бир өлкөлөрдө ар кандай туум болот, ошого ылайык туумдарын да кошо төлөтүп ала алат.

Орусия мамлекетиндеги мигранттар Орусиянын прокуратурасына, Мамлекеттик эмгек инспекциясына кайрылууга укуктуу”.

Чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарга “Ош”, “Манас” аэропортторунда жайгашкан терминалдардан мигранттарда көйгөй жаралса кимге кайрылуусу керектиги жөнүндө маалымат жазылган. Мындан сырткары, интернет, гезит аркылуу байланыш телефондорунан баштап бардык маалыматтарды алууга болот.

Эскерте кетсек, кыргыз мигранттарынын саны 800 миң (андан да көп болушу мүмкүн) кишини түзөт жана анын 700 миңи Орусияда болсо, калгандары башка өлкөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости