www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Азамат Абдулажанович, депутат Ирина Карамушкина президентке ишеним көрсөтпөө тууралуу маселе көтөрдү. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Кесиптешибиз Ирина Карамушкина контрабанда, Саймаити жөнүндө айтып, мунун баарынын учугун бүгүнкү эл шайлаган президентке келтирип жатат. Бул туура эмес. Эмне үчүн? Бизде каржы чалгыны, каржы полициясы, ИИМ, УКМК сыяктуу күч түзүмдөрү бар. Алардын маалыматы боюнча Саймаити 2017-жылы Кыргызстандан качып чыгып кеткен. Ал катышкан акча которуулар 2012-2017-жылдары болуп жатат. Ошон үчүн мен «анын баарын эл шайлаган президентке жабыштырбагын» дедим. Айткан доомат жүйөлүү болуш керек да. Бул жагы тескерисинче…

– Бирок, 2012-2017-жылдардагы контрабанда боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлүшү керек да?

– Сөзсүз иликтөө жүргүзүлүшү керек. Ирина Юрьевнанын сөзүнүн биринчи бөлүгү – «башпрокурор, күч түзүмдөрүнүн жеткчилери келип, маалымат берсин, терең иликтөөлөр жүргүзүлсүн» дегени туура эле. Коом билиш керек. Ал кандай каражат, сыртка ким аркылуу чыккан?.. Бирок, эки маселени чаташтырбаш керек. Ал эки маселе бири-бирине такыр дал келбейт.

Булак: "АЗИЯnews"

 

 

Последние новости