www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Алмазбек мырза, контрабанда, реэкспорт коррупциялык жол менен болуп келгени 2017-жылга чейин айтылып, андан бери эч ким айтпай калганын саясатчы Өмүрбек Текебаев белгиледи. Азыр токтоп калдыбы?
– Эч кандай токтогон жок. Фискалдык тармакта коррупция дагы деле бар экенин ЖМКлар деле жазып, айрымдарынын бети ачылып жатат. «Контрабанда бар» деп айта алам.
– Депутат эмес, жаран катары айтсаңыз, контрабанда, коррупция бар болсо, эмне үчүн ага реакция, натыйжалуу күрөш болбой жатат?
– Эмнеден улам «реакция болбой жатат» деп жатасыңар. Реакция болуп эле жатат. Биз эмоцияга алдыруудабыз. Карамушкина бийлик тараптан эч кандай иштер аткарылбай жатканын айтып, «эл нааразылыгы күчөп жатат» дейт. Мен ачууланып кетип, ага катуураак тийип койдум окшойт. Бирок, элди чагымчылдыкка түрткөн ушулар болууда. Эмне үчүн мурдагы президенттин учурундагы туура эмес иштер айтылып атса да, ошол кездеги президентгин өзү жөнүндө бир да сөз айтылбайт? Бир топ туура эмес иштерге ал кишинин ролу түздөн-түз болгон го. Азыр коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Дароо эле аны жоюп, тындым кылып салуу мүмкүн эмес. Коррупционерлердин баарын алып барып камап салган дагы кыйын. Президент азыр кылмышкерлерди камаганга мүмкүнчүлүк түздү. Ири чиновниктер, таасирдүү кишилер отурат коррупцияга шектелип. УКМКнын жертөлөсү толуп калды. Орун жок болуп, СИЗОго которуп жатат. Демек, «күрөш демдүү жүрүүдө» деп айтсак болот. Контрабанда да тыйылат. Мен ишенем.
Булак: "АЗИЯnews"