www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-майда Россиядан Кыргызстанга учак жөнөтүлүп, анда 379 жаран келген. Ошол учак келгенден кийин ар кандай сын-пикирлер айтылып, ар түрдүү талкуулар айтылууда. Буга байланыштуу комиссиянын төрайымы Асель Лабаева өз пикирин билдирди. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Урматтуу Мекендештер! Кечээ, 17-май күнү «Аэрофлот компаниясы» тарабынан Кыргызстанга 402 орундуу Боинг учагы 379 Кыргызстандын жарандары менен мекенибизге Шереметьево аэропортунан (терминал F) учуп кетти. Мен комиссиянын төрайымы катары маалымат берип кетейин.
Эмне себептен отчёт кечээги күнү берилбеди дегендерге жооп: түнкү нөөмөттө иштеп, жазганга эми шарт түзүлдү. Комиссиянын мүчөлөрү убактысын кетирип, ден соолугун тобокелге салып, түнкү саат экиге чейин элчиликте тизме тактап, уюштурулган «Call-борборго» жана комиссия мүчөлүрүнө келип түшкөн 1000ден ашуун мекендештерибиздин жиберген тизмеси каралып, алардын ичинен кош бойлуу келиндер, карыгандар, хостелдеги 28-марттагы учпай калгандар, ооругандар болуп 402 адамдын тизмеси такталып "Аэрофлот" компаниясына жөнөтүлгөн.
1. Ооруган 27 адам жана алардын коштоочулары (сопровождающие) - 27 адам (жаштар);
2. Кары-картаңдар - 38 жана алардын да коштоочулары - 38 (жаштар);
3. Кош бойлуулар- 78 адам, арасында 3-4-5-6-7 айлыктар;
4. Хостелдеги жаштар (ЖИГИТТЕР), (хостел Купавна);
5. Хостелдеги жарандар (жаштар), (хостел Дерево);
• Комиссия тарабынан түзүлгөн тизме мүчөлөрүнөн 120 жаран кеткен, калганы «Call- борбордон» катталган биздин жарандар болгон.
15-май күнү түнкү саат экиге чейин элчиликте тизмени карап чыккандар:
1. Токтокан Эсенова;
2.Жаныш Шамшидинов;
3. Надыр Сооронбаев;
4. Чынгыз Джамбилов;
5. Шамшар Чотонов;
6. Азамат Адылгазиев;
7. Гулбарчын Байымбетова;
8. Дастан Ниазалиев.
Депутаттын же башка бийлик өкүлдөрүнүн баласы же тууганы деген болгон эмес!  Убакыт тардыгына байланыштуу көптөгөн ооруган жаштарды аныктап, текшерүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Арасында рак оорусу менен ооруган 2-3 жаштар болгон. Алардын маңдайына оорусун жазып койбойт экен да. Бүткөн ишке сынчы көп дегендей, кынтык издесек чыга берет экен. Кыргызстанга кеткен жарандар биздин жарандар да-башка өлкөнүн жараны эмес. Эсептеп келсең коштоочулары менен эле көбөйүп кеткендей. Мына мен азыр бүт тизмени карап чыктым. Ар бир бейтаптын, кары-картаңдын коштоочусу бар экен. Биздин түнү иштеп, күндүзү убактыбызды кетирип элчиликке барып тизме тактайын деп көзүбүз өтүп турган жок.
17-май күнү аэропортко акчасы жок барып алган жарандарга комиссия мүчөлөрү билет алып беришти.
1. Жаныш Шамшидинов - 14 000 руб. (билет акчасы);
2. Азамат Адылгазиев- 7000 руб.
3. Шамшар Чотонов- 13 700 руб. - элден, өз жанынан -2000 руб. берген.
4. Ысык- Кол району- 18 300 руб.
5. Гүлбарчын Байымбетова - 3000руб.
Дагы мындай майда барат 500 - 1000 руб. чогултуп бергендер жазылган жок.
Тартип жоктугунан, 23 орун бош кеткени чындык.
Комиссия мүчөлөрү берген тизмелер саны:
1. Шамшар Чотонов - 35 киши;
2. Токтокан Эсенова - 15 киши;
3. Чынгыз Джамбилов- 22 киши;
4. Надыр Сооронбаев- 8 киши;
5. Жаныш Шамшидинов - 15 киши;
6. Асель Лабаева - 5 киши;
7. Азамат Алылгазиев - 5 киши;
8.Асилбек Эгембердиев - 15 киши.
Калгандары «Call - борбор» аркылуу алынган тизмелер.
Азыр колумда ар бир кеткен жарандын (комиссия мүчөлөрү берген 120 адамдын) аты-жөнү бар менде", - деп жазган Лабаева.

Булак: NazarNews.org

Последние новости