www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын №5 Б.Осмонов атындагы гимназия орто мектебинде милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялагандыгына карата жана учурдун талабы болгон үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында жумуштарды күчөтүү керектиги белгиленди.  Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып, аларга ата-энелер көмөктөшүп, мектептерде уюштурулган иш-чараларга тыгыз катышып, балдардын келечегин колдоого чакырык ташташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер жергиликтүү бийликтин жана милициянын сунуштарын колдоп, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүштү. 

"Жыйында 2020-жылга карата Жалал-Абад ШИИБи жана шаардык билим берүү бөлүмү балдарды колдоодо, зордук-зомбулукка, кылмыштуулука каршы күрөшүүдө атайын пландын негизинде иш-чараларды кабыл алышып, иш жүзүнө ашырылаарын белгилешти",-деп айтылат маалыматта.  

Белилей кетсек Жалал-Абад шаарында жалпысынан 20 мектеп бар. Алардын коопсуздугуна 7 жашы жете электер  менен иштөө инспексиясынын кызматкерлери көзөмөл кылышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости