www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Корея Республикасынын экспорттоо- импорттоо “Korea Eximbank” банкынын Ташкент шаарындагы башчысы Чо Ингю менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушууда айыл чарба багытында кайра иштетүү жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушууда Чо Ингю экспорттоо-импорттоо “Korea Eximbank” боюнча маалымат берди.

Талкуу учурунда Министр Э.Чодуев Корея Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы айыл чарба багытындагы кызматташтыгы боюнча айтып өттү. Ошондой эле, учурда Министрлик тарабынан дыйкан, фермерлерге айыл чарба техникалары лизингге берилип жатканын билдирип, алдыда долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты. Мындан сырткары айыл чарба багытында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости