www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр болуу кыялын ишке ашыра албай, бир топ күтүп келген Космосбек Чолпонбаевдин жылдызы Атамбаев президенттен кеткенден кийин жанды. Аны түшүнүп түшүнбөгөндөр алып барышып экс-депутат Жангороз Каниметовго чаптап жатышат. Космосбек Чолпонбаев көлдүк болсо эле көлдүк Каниметовго жакын болуп калмак беле? Көлдүк Каниметов мурун Ысык-Көл облусунун губернатору болгон Жусупбек Шариповдун кудасы экенин дудуктан башканын баарысы билет. Жоктон тапкансышып Саламаттыкты сактоо тармагынын эки тизгин, бир чылбырын кармата беришкен Космосбек Чолпонбаев көлдүк болгону менен Каниметовго кайнаса каны кошулбаса керек. Ооба, кыйын менеджер, реформа жасайт, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылат деген үмүттөр акталбай калды.  Качан болсо популисттик билдирүүлөр менен чектелет. Иш жүзүндө алгылыктуу, көзгө көрүнгөн иш бүтүргөн жок.

Ар бир медициналык ооруканаларда  дарыканалар тармагы бар. Ооруга чалдыккан шордуулар дарыланууга дарыгерлерге барышат. Дарыгерлер ары-бери карамыш болуп, кокустан жата турган болсо жаткырышып, жатпаса да  өздөрүнө тиешелүү дарыканалардан дары алууга жөнөтөт. Оорулуу өз жанынан өзү аямак беле, дарыгер кай жакка жөнөтсө ошол жактан кымбат болсо да дары алышат. Бул дарыканалар өзүнчө эле дарыгерлердин “үй-бүлөлүк мафиясына” айланып кеткен. Ушуга окшогон майда-барат нерселерге убакыт короткону болбосо, Космосбек Чолпонбаевдин чеке жылыткан иш жасаганы боло элек. Колунан иш келбеген, оозу менен орок оргон министрдин кереги барбы деги?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости