www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Биринчи Май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өттү. Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Тарых музейин оңдоп-тузөө иши боюнча кубөлөрдөн сурак алуу уланууда. Көркөм кол өнөрчүлүк тармагында сүрөтчү болуп эмгектенген Ишенбек Чабанов суракта буларды айтты. "Бизди экспонаттарга жана музейдин интерьерин талкуулоо сыяктуу маселелерге байланыштуу чакырышкан. Немец инвесторлору менен чогуу өткөн экинчи чогулушта дал ушул маселелерди талкууладык. Биз немецтерге сырткы иштердин баардыгынаишенсе туура болот го деп ойлогонбуз. Ал эми жасалгалоо жана тематиканы кыргыз сүрөтчүлөрү жасаса дедик. Биз бул маселелерди айтканда, кийинки жолугушууда талкуулайбыз деп макулдашканбыз", - деди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат - тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом

Булак: Багыт.кж

Последние новости