www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28 –январда Жогорку Кеңеште «Кесиптик бирликтер тууралуу» мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму болгон. Ал жыйында депутат Кожобек Рыспаев аталган тармактын жетекчилерине көзөмөл жок болуп, өзү билемдик менен бир топ мыйзамсыз иштерди жасап  келгенин айтып, мисал катары катары тоо-кен металлургия тармагын караган Алмазбек Жакыпов 2014-жылы айына 400 миң сом алып турганын ачыктаган болчу. Бүгүн, бул тууралуу Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев депутат айткан маалыматты төгүндөп, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын NazarNews.kg сайтына билдирди. Бул маалыматты профсоюздар федерациясы тиешелүү органдарга төгүндөп берүүгө дагы даяр. Ошондой эле Осмоналиев өзүнүн айлык маянасынын өлчөмүн дагы атап ал 26 миң сом ала тургандыгын айтты. Ал эми бөлүм башчылар жана башка кызматкерлердин айлыгы 12-18 миң сомду түзөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости