www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-февралда Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегментине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Тараптар БУУнун тынчтыкты бекемдөөгө жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүгө болгон негизги ролун колдоп, мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдиришти. Өзгөчө көңүл «БУУ-80» демилгесине бурулду, ал Уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга жана заманбапташтырууга багытталган. Жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо жана аларды ишке ашыруу алкагында кызматташууга даяр экени белгиленди. Кыргыз тараптын БУУнун агенттиктери менен Кыргызстандагы активдүү өз ара аракеттениши да баса белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн, ошондой эле 2027-жылы «Бишкек+25» Саммитин даярдоодо экенин маалымдады. Бул байланышта Министр Ж.Кулубаев Башкы катчыны аталган иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына чакырды.

Последние новости