www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 7-мартында Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин Стамбулдагы бейформал жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидандын ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Көп тараптуу дипломатияда өз ара колдоо көрсөтүүгө жана эки боордош мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү андан ары чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Бул контекстте кыргыз тарап чыр-чатак болуп жаткан аймактардан кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.
Жолугушууда министр Ж.Кулубаев ошондой эле 2026-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүлө турган ири эл аралык иш-чаралар, анын ичинде өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чаралар, ошондой эле пландаштырылып жаткан ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде министр Х.Фидан кыргыз тарапка жыл сайын өтүүчү Анталия дипломатиялык форуму жөнүндө маалымат берип, кыргыз кесиптешин анын ишине катышууга, анын ичинде тематикалык сессиялардын биринде сөз сүйлөөгө чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгын андан ары чыңдоого жана бардык деңгээлдерде активдүү саясий диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.