www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилигине ушул жылдын март айында Элнура Боронбаева аттуу «айым - пааша» келгенин билсеңиз керек.

Тээ мурунтадан эле бул тармакта коррупция тереңдеп, а түгүл тамырлап кеткени кеңири айтылып келет. Дары - дармекти көзөмөлгө алган бул тармакты Элнура айым таптакыр тазалай албасадагы ирээтке келтирет го деген ишенимибиз бар эле.

Тилекке каршы ал жактагы коррупциянын «сормо сазы» Боронбаеваны деле «бооруна тартып» соруп кетти өңдөнөт.

Министр Космосбек Чолпонбаевдин айтканын кың дебей аткарып, министрдин дары - дармек бизнесинин кеңейишине жол ачып жатканы жашыруун болбой калды. Кыргызстандан болгон дары - дармекти сырттан алып келет, демек аларды өлкөгө киргизип «адалдоодо» Элнура Көчкөновна негизги ролду ойноп, кол ийрисине тартып маселе чечип атканын танабы? Танбаса эмнеге журналисттерден жаа бою качат?

Суроолор арбын, таза иштеп аткан болсо тике карап жоопберсинда, деп "Де - Факто" гезити өз пикирин жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости