www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык Бишкек шаарында GGGIнин жергиликтүү кеңсесин ачуу пландалууда, ал тараптардын ортосундагы теңдик жана өз ара аракеттенүүнүн негизинде кызматташууга көмөктөшөт жана Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

GGGIнин негизги иши “жашыл” экономикалык өсүшкө багытталган долбоорлорго техникалык жардам көрсөтүү жана финансылык каражаттарды мобилизациялоо болот.

Буга чейин Кыргыз Республикасы 2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга 2019-жылы кошулду (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 9-декабрындагы № 136 "2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Мыйзамы).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости