www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, шайлоо процесстерине кийлигишпөөнү талап кылды.

«Шайлоого кийлигишпегиле! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе, алгач кызмат ордун тапшырсын, андан кийин гана шайлоо процесстерине катышсын», - деди Адылбек Касымалиев.

Бул билдирүү шайлоого чейинки алдын ала үгүт кампаниясынын активдешип кеткенинен айтылды. Өкмөт башчынын айтымында, айрым мамлекеттик кызматкерлер тарабынан административдик кийлигишүү боюнча сигналдар түшүүдө.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, кызматтык абалды талапкерлердин кызыкчылыгында пайдалануу мыйзам бузуу болуп эсептелет жана мындай аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Анын айтымында, айрым аймактарда айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор же министрлер шайлоого байланыштуу көрсөтмөлөрдү берип жаткандары тууралуу маалыматтар түшүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы бардык мамлекеттик кызматкерлерди саясий нейтралдуулукту сактоого жана өлкөдө таза, ачык шайлоолорду камсыз кылууга чакырды.

Последние новости