www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыт жерлерде мотоцикл айдаган жки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө жайыт жерлерди бузуу жана экологиялык эрежелерди сактабастан мотоциклдерин айдоо фактылары аныкталды.

Текшерүү маалында жайыт жерлерде Эндуро мотоциклин айдаган эки жаран кармалып, аларга 2 протокол түзүлүп, ар бирине 5 500 сомдон, жалпысы 11 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

"Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын, өзгөчө жайыт аймактарын жана экосистеманы бузган ар кандай мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү улантыларын белгилейт",-деп айтылат маалыматта.

Последние новости