www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 менен ооруп айыккандар эмдөө албайт деген түшүнүк туура эместигин айтты. Бул жөн гана миф. Бул тууралуу аталган министрликтин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланган.

Министрлик белгилегендей, ооруп айыккан адамдардын табигый иммунитети канча убакытка чейин сакталышы боюнча так маалыматтар жок. Коронавирустан айыгып, антитело пайда болгондор деле кайрадан ооруп калган фактылар катталууда. Мындан улам сиз COVID-19 менен ооруп айыккан болсоңуз да, вакцина алуу пайдалуу, — деп жазат Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаров тууралуу: «Ал киши эмдөөдөн өтпөйт, анткени ал коронавирус менен ооруп айыкканына байланыштуу антитело пайда болгон. Эгер ага вакцина берсек, реакция жүрүп кетүүсү мүмкүн», — деп билдирген болчу.

Эске салсак, учурда өлкөдө коронавируска каршы эмдөө иштери башталганына бир жума болду. Бирок бул аралыкта болгону 600гө чукул адам эмдөө алган. Ал эми министрликтин түзгөн алгоритми боюнча 75 миң жаран апрелдин аягына чейин вакцинациялоодон өтүүсү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости