www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун иштөө мөөнөтүн кыскартышы мүмкүн экенин ведомство жетекчиси Каныбек Иманалиев билдирди.
"Мектеп директорлору — улуттун лидерлери, интеллигенциянын үлгүсү. Көбү беш жылга дайындалат. Бул жакшы, бирок өзүн эки жылда көрсөтө албаган жетекчи кызматтан кетиши керек. Быйыл окуучулары жогорку балл ала албаган бир нече мектеп директорлорун кызматтан кетирдик", — деди Иманалиев.
Анын айтымында, мектеп жетекчиси күчтүү менеджер да болуп, грант, билдирмелерди жаза билиши керек. Иманалиев министрлик пара талап кылды деп кине коюлган мектеп директорлорунун "кара тизмесин" түзүүнү пландап жатканын кошумчалады. Бул маалымат ведомствонун сайтына илинет.
Булак: NazarNews.kg