www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мега-жылдызы, көпчүлүктүн сүймөнчүгү Мирбек Атабеков эми өзүн продюсер жана жеке ишкер катары да сынай баштады.Ырчынын алдыга койгон максаттары менен таанышып, ишине ийгилик каалап кайттык.
- Шоу-бизнесте продюсерликти колго алдыңыз.Бул ишке киришүүдѳ кандай максатты кѳздѳдүңүз❓
- Быйыл продюсерлик борбор ачып жоопкерчиликтүү, ары кызыктуу жумушту өз мойнума алдым.Мындай жоопкерчиликтүү ишке аттанганымдын себеби, 14 жыл чыгармачылыкта жүрүп топтогон тажрыйбамды колдоноюн дедим.Чыныгы продюсерлик ишти коммерциялык багытта пайдалангым келбейт.Көзөмөлүмө алган ырчылар популярдуу болуп кетсе, алардын жашоосуна бакыт алып келген иш кылсам максатыма жеткен болом.
- Эмне үчүн Бек Исраилов менен Толгонай Арзыкееваны тандадыңыз❓
- Бек Исраилов экөөбүз бир жыл мурун эле иштешебиз деп жүргөнбүз.Андан бери жакшы эле ойлонуп, жети өлчөп бир кескендей эле болдук.Кээ бир ырларды чыгарсам кыз кишиге ылайыктуу болуп калып, эмгегим ошол бойдон көмүскөдө калып калат.Ушул себеп менен таланттуу кыз да алгым келип жүрчү.Толгонай жубайым менен жакшы мамиледе болуп, үйгө да көп келет.Ушундай мамиле уланып Толгонай менен да иштеше турган болуп калдым.Экөөнүн тең үнү, харизмасы күчтүү.Турган турпаттарынан эле ырчы экени билинет.Экөөнүн тең жакшы чыгарын сезип жатам.Өзүм басып өткөн ийгиликтин оңой жана жеңил жолун көрсөтөм деген ишеничим бар.
- Ишти эмнеден баштадыңыз❓
- Азыр Бек Исраилов даяр болуп калды.Толгонай үнүн таптап, сабак алып жатат.Башка продюсерлерден айырмам - башка жанрдагы жаңылык алып келген ырлар болушу мүмкүн.Негизи алдыга көптөгөн пландарды койдук, ишке ашмайынча айтууга болбойт.Башкы басымды репертуарга жасайм.Менин милдетим репертуарын көзөмөлгө алуу жана каржылап берүү.Калганы ырчылардын аракетинен көз каранды.
- Өзүңүздүн продюсериңиз Канат Култаев менен келишим аяктаганбы❓
- Канат Култаев менен келишим аягына чыккандан бери эки-үч ирет узартып иштештик. Бизде байкеден өткөн профессионал продюсер жок.Борбор ачарда да Канат байкеге барып кеп-кеңешин алгам, азыр да кайрылып турам.Келишим менен продюсер болбосо да багыт көрсөтүп турган инсан, эч качан жардамын аябайт.
- Акыркы клибиңиздеги образыңызды кээ бирлер Жеки Чан, Кайрат Нуртаска, айрымдары Нурлан Насипке окшоштуруп жатышат.Бул образ кимдин идеясы❓
- Бул “Апамды издеп” тасмасына жазылган саунтрек ыр.Образдын автору режиссёр Саша Белов мени ушундай образда көргүсү келген экен.Видеону интернетке киргизсем аты аталган инсандарга окшоштуруп талкуу кылышты.Анан мен отко май куйгандай дагы бир пост жазып жаңы талкуу жараттым.Муну менен аз да болсо баракчамдагы күйөрмандарым менен мамиле түздүм десем болот.
- Атыңыз чыккандан бери ар бир ырыңыз хит болуп, алдыңызга ат салдырбай келесиз.Мунун сыры эмнеде❓
-14 жыл бою чыгармачылыкка өзүмдү жүз пайыз арнап иштедим.Биринчи кезекте уккулуктуу болуусу үчүн ырдын обонуна кѳңүл бурам.Андан кийин тексти, аранжировкасы каралат.Аранжировка жасоодо кээ бир үндөр жакпай калса, ошол боюнча жарыкка чыкпай тура берет. Качан гана ылайыктуу үн табылганда чыгарам. Мурда ырларымды АКШга жиберип тазалаттырчумун. Ѳзүм студия ачкан соң атайын адистерди окуттуруп, ошолор иштеп жатышат.Бир убакта ырларымды ай сайын, жума сайын чыгарып баш аламан болуп кеткен. Көрсө, ыр коё берүүнүн да эрежеси болот экен, аны ѳздѳштүрдүм. Бир ырың хит болуп жатса, анын убакыты бүткүчө күтүп, анан кийинкисин чыгаруу керек экен. Азыр репертуарымда эл уга элек көп ырларым кезегин күтүп жатышат.
- Ушундай үнүңүз менен эмне үчүн эл аралык сынактарга катышпайсыз❓
- Биринчи эле жалкоолук дейт элем.Себеби мурда бош убактымда эс алганды жакшы көрчүмүн.Сынактардын да өз шарттары бар, айтылган убагында учуп барып, берген ырларын жаттап, айлап даярдануу керек.Экөөнү бирдей алып кетсем деле болмок, бирок ѳзүмѳ абдан катуу күч келип калмак.Убакыттын тардыгынан барууга шарт болгон жок.
- Үнүңүзгө кантип кам көрөсүз❓
- Биринчи кезекте үндү коюп алуу керек. Башында бир нукка салып албаса, кийин кыйын болуп калат.Мен ресторандарда ырдап, атайын мектептерге барып жатып үнүмдү, дем алуумду бир калыпка салгам.Жыл өткөн сайын үнүңдүн ачылбаган сырлары ачыла берет экен.Барган сайын үнүмдүн көп мүмкүнчүлүктөрүн байкай баштадым.Көбүнчѳ жандуу ырдаганга аракет кылам.Аппараттар начар болуп, жандуу ырдагандан кыйналсам да болбой ырдай берип, кандай акустика болбосун ырдаганга көндүм.Чакыруулар азайган кыш мезгилинде караокеге барып ырдап үнүмдү машыктырып турам.
- Сизди тасма талаасынан да кѳрүп калдык эле.Дагы сунуштар болсо тартыласызбы❓
- Тасмага тартылуууга сунуштар көп түшөт.Мен сценарийди өзүм жазып, өзүм демөөрчү, режиссёр, продюсер болуп жакшы кино тарткым келет.Балким, актер катары да өзүм тартылам.Бул кыялымды азыркы иштеримди ийине жеткире аяктагандан кийин сөзсүз ишке ашырам.
- Чыгармачылыктан башка эмне менен алексиз❓
- Учурда жеке ишкер катары ар кыл бизнес долбоорлорду түзүп жатам.Менин лейблим жазылган кийимдерди чыгаруунун алдында турабыз.Дизайны даяр болуп сапаттуу кездемени күтүп токтоп турабыз.Атайын Кореяга барып кездеме алып келип, жакшы сапаттагы кийим-кечелерди чыгарабыз.Ушул иш менен алышып чуркап жүргѳн кезим.Азыр менин бышып турган курагым, чыгармачылыгымды таштабай, борборду да, бизнести да алып кетем.
- Үй-бүлѳ курганыңызга беш жыл болуптур.Чыгармачылыгыңыздын гүлдөп өнүгүүсүнө жубайыңыздын да салымы болсо керек❓
- Үйлөнгөндөн кийин чыгармачылыгыңдын алдыга кетери же артта калары аялыңдан көз каранды болуп калат дешчү.Мен үйлөнгөндөн кийин артка кеткен жокмун, демек жубайымдын колдоосу күч.Албетте, бизде баары идеалдуу деп айтууга болбойт.Ар бир үй-бүлөдө оң-терс жактар болот, биз деле турмуштун ысык-суугуна чыдап жашап келебиз.
- Баракчаңыздан уулуңуздун үйдүн дубалына сүрөт тартып ойногон видеосун көрдүм эле.Буга караганда балага жумшак окшойсуз❓
- Уулум эми үч жашка чыкты.Бул курактагы балдарга жумшак болуу гана туура деп ойлойм.6-7жашка чейин бала өз эрки менен болгону жакшы. Биз кыргыздар баланы уруп, катуу айтып жатып коркок, өз оюн эркин айта албаган адам кылып өзүбүз тарбиялап алабыз. Ошондуктан уулубуз жети жашка чыкканча эркин коюп, андан кийин да катуу болбой, жумшак болбой ортону кармап тарбиялайлы деп жатабыз.Уулума “ата” деп кыргызча үйрөтө албай койдум. Мени “папак” дейт. Дагы чоңоё түшсѳ “ата” деп үйрѳтѳйүн деп жатам. Кызымдын тили болсо “ата” деп чыкты. Жакында бир жашка чыгат.
Булак: "Леди кж"