www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баарыбыз бир муштум болуп, талыкпай эмгек кылсак кризистен да чыгабыз», - деди бүгүн, 12-мартта NazarNews маалымат агенттигине активист Мирбек Маниясов.

- Мирбек мырза, Орусияга кирген санкциялар бизге кандай таасир берет? Кыргыз өкмөтү буга кандай чара көргөнү жатат?

- Орусияга киргизилген санкциялар албетте биздин өлкөгө да терс таасирин тийгизет. Рубльдын наркы да өтө төмөн түшүп, мигранттарыбыздын тапканынын берекеси жок болуп калабы деген маселе көпчүлүгүбүздү тынчыздандырып атат. Негизи Президенттин акчаңарга алтын алып койгула деп айтканы туура эле. Алтын өз баасын жоготпойт. Кийин валюта чөйрөсү стабилдештирилгенде сатып акчага айлантып алса болот.

Ошондой эле, кризистен кыйналып калбаш үчүн ар бир Кыргызтандык ашыкча чыгымга бөгөт койуп, ысырапкерчиликти да токтотсок туура болот эле. Антпесек кыйналып калабыз. Эми бир см жерди да калтырбай эгишибиз керек.

Жерлерибизди бош калтырбай иштетсек. Азык-түлүк каатчылыгына кептелбейбиз. Эл эмгегин жер жебейт дегендей жаз алды менен  шымалана ишке киришишибиз керек. Ошондой эле өзүбүздөн чыккан өндүрүшкө да өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Баарыбыз бир муштум болуп, талыкпай эмгек кылсак кризистен да чыгабыз. Орусия доллардан баш тартып жатат. Буюруса жакында бирдиктүү валютага кирип калсак, Батыштын саясатынан кутулсак, баары өз ордуна келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости