www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөз эркиндигин чектөө, ой-пикирди ачык билдирүүгө болгон кысым. Мындай пикирин бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.
“Бизде бүгүн сөз эркиндигин чектөөгө шымаланып бараткандарды көрүп жатабыз. Сөз эркиндиги чектелсе, эртең биздин тилибиз кыркылып калат. Демократиялык өлкө болгондон кийин, бул өзүбүздүн ачык ой-пикирибизге болгон кысым деп эсептелинет”, - деп билдирди депутат.
Белгилей кетсек, кечээ, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана “Кактус” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.
Булак: NazarNews.kg