www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингде жаракат алгандардын абалы оор

Бишкекте митинг учурунда жаракат алгандардын саны 70тен ашты. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, жаракат алгандардын көбү милиция кызматкерлери.

"Болжолдуу түрдө беш кишинин абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ошондой эле бутунан ачык жаракат алгандар, дене башы көгөргөндөр, резина октон зыян тарткандар бар", — деди дарыгер.

Ал учурда дарыгерлердин бардыгы жумушка чакырылып, иштеп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынан талапкер, депутат Жанарбек Акаев жараат алганы кабарланган.

Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, үндүү граната ыргытып, суу чачып таркатты. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан.

Катышуучулар президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имараттын тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалап таркатты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости