www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кыргыз элин дүйнөгө тааныткан, даанышман, ойчул улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулганына 90 жыл толот. Андыктан Талас эли ынтымакка келип улуу жазуучунун мааракесин татыктуу өткөрүп алуу менен алек. Жазуучунун «киндик каны тамган» Шекер айылындагы жаңыдан долбоорлонуп баштаган «Чыңгыз Ордодо» шарт болбогондугуна байланыштуу 90 жылдыкты, «Манас Ордодо» өткөрүү чечими чыккан. Эл да мындай чечимге макул.

Бирок, бир гана Жогорку Кеңештин «жамакчы», омбу-домбу депутаты Рыскелди Момбеков чалкасынан кетти. Анын логикасы боюнча, 90 жылдык бир гана Шекер айылын да өтүшү керек экен. Албетте, эгер шарты келишсе Шекер айылында өтсө жакшы болмок. Бирок, ээн талаада баткак кечип элди кыйнап той өткөрүүнүн кандай зарылдыгы бар? Же эмне, кыргыз элинин руханий борборуна айланган «Манас Ордодо» мааракесин өткөрүүгө Чыңгыз Айтматов татыксызбы?

Эшикте XXI кылым болсо да Рыскелди Момбеков дагы деле кокту-колоттук, уруу-уруулук ой толгоодон кутула элек экендиги абдан өкүнүчтүү. Рыскелди мырза «Эгер 90 жылдык «Манас Ордодо» өтсө, мен барбайм» деген талабын койгонун эшиттик. Муну укканда, «тобоо» деп жакаңды кармагандан башка арга жок. Момбеков катышпаса эле, 90 жылдык үзгүлтүккө учурап, Талас эли мүңкүрөп калмак беле? Чындап келгенде андан эч кимдин «кылы кыйшайбайт». Өзү катышпаса «төрт тарабы кыбыла» да. Бирок бүткүл Кара-Буура элин: «Силер да катышпагыла!» деп кө-күтүп жатканын кантип түшүнсөк болот? Же эмне Кара-Бууранын элин айдаган жакка кете бергидей Момбековго мал көрүнүп калды беле?

Элибизде: «Көңдөй челек катуу калдырайт» деген кеп бар. Ошол сыяктуу, куру сөз менен курсак  тойгуза бербей Момбеков кыйын болсо, депутат катары маселе көтөрүп «Чыңгыз Ордонун» курулушун 3-4 жыл мурда баштабайт беле? «Тоок «неме» болгондо какылыктайт» болуп элди-экиге бөлбөй тынч эле жүрсө болмок. Же эмне «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» деген ушулбу?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Последние новости