www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголия курама командасы менен беттешүүдө. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталды. Учурда оюндун 1-таймы аяктап, 0:2 эсеп саны менен футболчуларыбыз алдыда.

Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев атаандаштардын дарбазасына бирден гол киргизишти.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби менен жеңилген. 10-октябрда, Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен утуп, үч упайга ээ болгон.

Ошондо, учурда F тайпасындагы эки оюнда 6 упай топтогон Жапониянын курама командасы алдыда. Эки оюнда 6 упай топтогон Тажикстандын курама командасы болсо экинчи орунда. 3 упай менен Кыргызстан үчүнчү орунда. Монголия төртүнчү, Мьянма бешинчи орунда турат. Бүгүн футболчуларыбызда тайпа жадыбалында бир тепкичке жогорулоо мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн Япония Тажикстанды, Кыргызстан Монголияны утушу керек. Негизи серепчилер оюн жыйынтыгы ушундай болот деп божомолдоп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости