www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтийлик кызматка 8 талапкер ат салышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан түзүлгөн Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы каттоону жыйындыктады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна 8 талапкер ат салышса, Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды.

Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат бордуна 21 эсепчи катталды.

Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29-30-31-март жана 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.

Эске салсак, 17-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган.

Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берди. Алар:

1. Нурбек Токтогулов

2. Сайдамир Джейналиев

3. Султанали Гапуров

4. Убайдулла Сарыбаев

5. Шүкүр Исмаилов

6. Шакир Маматов

7. Нематилла Жээнбеков

8. Ниязали Арипов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости