www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду Баткен облусунун активине тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Баткен облусу географиялык жайгашуу орду жана жаратылыш шарттарынан улам стратегиялык аймак болуп саналат, буга байланыштуу облустун жетекчилигинин алдында өзгөчө милдеттер коюлган, аны маселени терең түшүнгөн адам гана чече алат.
Премьер-министр белгилегендей, жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоодо анын эмгек жолу жана топтогон тажрыйбасы эске алынган.
«Акрам Мадумаров облустун эң ири району Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал аймактын көйгөйлөрүн, орун алган маселелердин маңызын жакшы билет, анын дайындалышы Баткен облусун мындан ары карай өнүктүрүүдө кызмат өтөйт деп ишенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчынын айтымында, облустун жаңы жетекчиси социалдык көйгөйлөргө жана чек аралык кызматташуу маселелерине биринчи кезекте көңүл бурууга тийиш.
Ошондой эле Премьер-министр аймактын мурдагы жетекчисинин ишине ыраазычылык билдирип, ага бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
Булак: NazarNews.kg